




![]() | Сегодня | 221 |
![]() | Вчера | 524 |
![]() | На этой неделе | 2983 |
![]() | На прошлой неделе | 3531 |
![]() | В этом месяце | 8885 |
![]() | В прошлом месяце | 11294 |
![]() | За все время | 92085 |
Иштеп жаткан пенсионерлердин пенсиясынын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (ЖЭ2) кайра эсептөө жөнүндө Пресс-релиз
“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-1-беренине ылайык, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жыл сайын 1-январга карата жекече эсепке алуу системасында катталып, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн, иштеп жаткан пенсионерлердин пенсиясынын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнө (ЖЭ2) кайра эсептөө жүргүзөт.
2012-жылдын 1-январына карата кайра эсептөө пенсия дайындалган күндөн же пенсиясынын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнө (ЖЭ2) акыркы жүргүзүлгөн кайра эсептөөдөн кийин 2011-жылы топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
Пенсиясынын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнө кайра эсептөө жүргүзүү үчүн пенсионер Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык башкармалыгына арыз менен жеке өзү кайрылышы керек, анткени жогоруда аталган Мыйзамда (ЖЭ2) кайра эсептөөнү арыз менен жүргүзүү тартиби белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду иштеп жаткан пенсионерлердин пенсиясынын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн кайра эсептөөнүн жол жобосун жеңилдетүү жана автоматташтыру максатында азыркы кезде электрондук түрдөгү отчеттуулук системасына өтүп жатат. Бишкек ш. боюнча бул система киргизилип бүтүүдө жана республиканын башка аймактарында электрондук отчеттулуктун жаңы автоматташтырылган системасын киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул система төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн ай сайын өз убагында каттоого алууга жана пенсиялардын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн кайра эсептөө механизмин автоматташтырууга мүмкүндүк берет.
Азыркы кезде пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн кайра эсептөө пенсионердин арызы жана иштеген мезгили үчүн жылдык билдирме боюнча жүргүзүлөт.
Жаңыртылды (19.01.2012 03:39)



Фонд жөнүндө









